Site icon Reporter.kg

203 мугалим, 39 бухгалтер. Өлкөдө 7,8 миң жумуш орун бош

Өлкөдө 7,8 миң жумушчу орун бош. Бул тууралуу Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлиги билдирди.

Эң көп тигүү тармагына кызматкерлер талап кылынат. Фабрика ээлери 2 миң 112 кызматкер издешет.

Бош орундар:

—              Мектепке чейинки жана мектептеги мугалимдер – 203;

—              Саламаттык сактоонун кызматкерлери (доктурлар, мед.айым, фармацевт, укалоочу жана санитарлар) – 587;

—              Адистер – 150;

—              Кассирлер – 186;

—              Соода агенттери – 115;

—              Менеджерлер — 46

—              Бухгалтерлер – 39;

—              Юристтер – 32;

—              Экономисттер – 29;

—              Инженер-механиктер – 13;

—              Психологдор – 13;

—              Тигүүчүлөр – 2112;

—              Курулуш тармагындагы кызматкерлер (айдоочу, механик, ширетүүчү, столяр, токарь, слесарь, бетон куйгуч ж.б.) – 576;

—              Айдоочулар – 617;

—              Кызмат көрсөтүү тармагындагы кызматкерлер (парикмахер, тырмак жасоочу, официант, косметолог, кароолчу, мейман кызматчы, курьер, камкорчу, ашпозчу, кондитер, нан бышыруучу ж.б.) – 1034;

—              Ар тараптуу жумушчулар – 2096.

Орточо айлык маянаны 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгын алып карасак: өнөр жай тармагында – 52 866 сом, курулуш – 34 554 сом, соода сатык – 37 601 сом, унаа тармагында – 46 165 сом, кызмат көрсөтүү тармагында – 27 679 сом, финансы тармагы – 62 298 сом, билим берүү тармагы – 25 112 сом, саламаттыкты сактоо тармагы – 21 368 сом түзөт.

Иш менен камсыз кылуу тармагында кызматтарды алуу үчүн Министрликтин аймактык башкармалыктарына кайрылуу керек. Бул жааттагы маалыматтарды zanyatost.kg веб порталынан алып, республика боюнча бош орундар менен тааныша алат жана контакты блогунан ар бир райондун даректери менен тааныша алат.

Exit mobile version