Site icon Reporter.kg

21-апрель: Коронавирус 306 адамдан аныкталып, 4 киши каза болду

epa08223237 Medical personnel give treatment to a COVID-19 patient at a hospital in Wuhan, Hubei province, China, 16 February 2020. According to local authorities, the number of coronavirus cases in mainland China has reached 70,000 with more than 1,660 related deaths. EPA-EFE/STRINGER CHINA OUT

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 225 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5606 кишиден ПЧР тест алынган.

Алар:

Бишкек шаарында – 203;
Ош шаарында – 5;
Чүй облусунда – 52;
Ош облусунда – 11;
Талас облусунда – 1;
Нарын облусунда – 4;
Ысык-Көл облусунда – 16;
Жалал-Абад облусунда – 10;
Баткен облусунда – 4.

Ошондой эле инфекция 9 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 161 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 2, Чүй облусунда 2 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 92 миң 626 адамдан аныкталды. Анын ичинен 87 миң 390 бейтап айыгып, 1 миң 561 киши каза болду.

Exit mobile version