Site icon Reporter.kg

21-ноябрда аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет ишканасы 21-ноябрда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашын эскертет.

Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 0…-5, күндүз -2…+3;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;

Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…5, күндүз 2…7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7;

Нарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 2…7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8 градус болот.

Бишкекте эртең жаамыр жана кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3°, күндүз 1…3° градус болот.

Exit mobile version