Site icon Reporter.kg

21 жаштагы жаран 45 миң сомдук велосипедди уурдоого шектелүүдө

Бишкектеги Абай көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде, 7-кабаттын кире беришинен 45 миң сомдук «STERN» маркасындагы велосипедди уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгы билдирди.

21 жаштагы жигиттен уурдалган велосипед алынып, буюм далил табылган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Анын башка дагы уурулукка катышы текшерилүүдө.

Exit mobile version