Түркиянын «Түрк аба жолдору» (Turkish Airlanes) компаниясынын учактары Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын Кытайдын Шанхай шаарына ташыйт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, быйыл июлда министрлик Түркиянын элчилигинин жана аталган компаниянын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүп, Бишкектен Шанхайга айыл чарба азыктарын ташуу тууралуу келишимге кол коюу маселесин сүйлөшкөн.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен сентябрь айында аталган келишимге кол коюлду. Ага ылайык «Түрк аба жолдору» жумасына 300 тоннага чейин айыл чарба товарларын Кытайдын Шанхай шаарына ташыйт. Анын аркасы менен ташылып жаткан жүк үчүн алынган акы арзандайт. Маселен мурда 1 килограмм жүк 6-7 доллардан ташылса, эми анын баасы 1,5 доллар болот.