Site icon Reporter.kg

216 жеке клиника лицензиясыз иш алып барган

Бишкек жана Ош шаарлары жана Чүй облусундагы жеке менчик 626 клиника текшерүүдөн өттү. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Аман Осмонов Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 216 медициналык борбор лицензиясы жок иш алып барган.

Аларга 1,5 миллион сом өлчөмүндө айып салынды.

“Менчик клиникаларга рейддер улантылат. Эми жеке лабораторияларды дагы текшерүүнү пландап жатабыз”, — деи Аман  Осмонов.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version