Site icon Reporter.kg

Жогорку сот эки журналистти абакта калтырды

Бүгүн, 25-февралда Жогорку сот абакта отурган журналисттер Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбековдордун жана пробацияга чыгарылган Айке Бейшекееванын жактоочуларынын кассациялык арызын карап, өкүм чыгарды.

Сот жактоочулардын үч журналистти актоо же Ишенбеков менен Тажибек кызын пробацияга чыгаруу өтүнүчүн канааттандыруусуз калтырды.

Жогорку соттун токтому менен Тажибек кызын 6 жылга, Ишенбековду 5 жылга абакка кесүү жана Бейшекеевага берилген 3 жылдык пробация өкүмү күчүндө калды.

Эскерте кетсек, 2024-жылы 16-январда ИИМдин кызматкерлери Temirov Live’да мурда-кийин иштеген 11 кызматкеринин үйлөрүндө тинтүү жүргүзүп, суракка алып кеткен. Алардын баары камакка алынган. Милиция 11 журналистке тең «массалык башаламандыктарга чакырык жасоо» айыбын койгон.

Кийинчерээк 11 журналисттин жетөө үй камагына чыгарылган. Актилек Капаров, Махабат Тажибек кызы, Азамат Ишенбеков, Айке Бейшекеева камакта калтырылган.

10-октябрда Ленин райондук соту Махабат Тажибек кызын 6 жылга, «Айт айт десе» долбоорундагы акын Азамат Ишенбековду 5 жылга абакка кескен.

Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева да күнөөлүү деп табылып, 5 жылга эркиндигинен ажыратуу тууралуу өкүм чыккан. Аларга 3 жылдык пробация берилип, камактан бошотулган.

18-декабрда Бишкектин соту биринчи инстанциянын өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган.

Калган жети адам – «ПолитКлиниканын» журналисти Тыныстан Асыпбек, «Нур прессте» иштеген Жоодар Бузумов, «Арча Медианын» журналисти Сайпидин Султаналиев, «Айт айт десе» долбоорунда иштеген Сапар Акунбеков, Temirov Live’дын кызматкерлери Акылбек Орозбеков, Жумабек Турдалиев жана Максат Тажибек уулу (мурда оператор болгон, азыр журналистикада иштебейт) акталган.

Кармалгандардын баары бийликтеги адамдар, күмөндүү схемалар тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып, бийликке ачуу сын айтып келгени менен белгилүү.

Саясатчы Адахан Мадумаров журналисттерге чыккан өкүмдү сындап чыккан.

Exit mobile version