Site icon Reporter.kg

22-июль. Кыргызстанда дагы 1108 адамга коронавирус жукту

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 1108  адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 22-июлда республикалык штабдан билдиришти.

Соңку суткада коронавирус жуктуруп алгандар жашаган аймактар жана алардын саны: Бишкек — 324;
Ош – 112;
Чүй облусу – 176;
Ош облусу — 110;
Талас облусу — 61;
Нарын облусу – 35;
Ысык-Көл облусу – 229;
Жалал-Абад облусу – 93;
Баткен облусу — 58.

18-марттан 22-июлга чейин өлкөдө жалпы 29 миң 359 адам коронавирус жуктуруп алган.

Exit mobile version