Site icon Reporter.kg

Жакынкы Чыгыштагы жаңжал Борбор Азияны качкындардын толкуну менен коркутууда — эксперт

Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактын күчөшү олуттуу гуманитардык катастрофага алып келиши мүмкүн, анын кесепети Борбор Азия өлкөлөрүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.Мындай пикирин Reporter.kg басылмасына саясат таануучу Шерадил Бактыгулов билдирди.

Анын айтымында, учурдагы окуялар дүйнөлүк үстөмдүк жана азайып бараткан ресурстар үчүн глобалдык күрөштүн бир бөлүгү.

«Адегенде Ирак менен Ливия, андан кийин Сирия менен Ливан, андан кийин Газа тилкеси жана азыр Иран — мунун баары чоң сүрөттүн бөлүктөрү», — деп белгилеген эксперт,мындай кагылышууларда карапайым элдин жашоосу экинчи планга өтүп жатканын баса белгиледи.

Шерадил Бактыгулов Иран менен Израилдин ортосунда түз сокку уруу гуманитардык катастрофага алып келет деп болжолдойт.

Алгач качкындардын агымынын мүмкүн болуучу багытына көңүл бурду: эгерде Израилдин жарандары Европа өлкөлөрү жана АКШ тарабынан кабыл алынышы мүмкүн болсо, андаИрандан келген качкындардын олуттуу бөлүгү Борбор Азия өлкөлөрүнөн башпаанек издөөгө аргасыз болушат.

“Биз бул гуманитардык катастрофанын кесепеттерине даяр болушубуз керек», — деп жыйынтыктады саясат таануучу.

Exit mobile version