Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 22-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде билдирди.
Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 82;
Чүй облусу — 33;
Ош ш. – 25;
Ош облусу – 20;
Ысык-Көл облусу – 10;
Жалал-Абад облусу – 8;
Талас облусу – 19;
Нарын облусу – 6.
22-июнга карата өлкөдө жалпы 3356 адам коронавирус жуктуруп алган.
Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны – 10 бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 21 бейтап айыкты.