23-апрель. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган дагы 19 жаңы учур катталды

23-апрель. Кыргызстанда коронавирусту жуктурган дагы 19 жаңы учур катталды

Кыргызстандын аймагында 23-апрель саат 10:00гө карата дагы 19  адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкекте – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусу — 3.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы 631  учур катталды.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>