Кыргызстандын аймагында 23-апрель саат 10:00гө карата дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкекте – 8, Чүй облусу – 4, Ош шаарында – 4, Ош облусу — 3.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы 631 учур катталды.