Бүгүн, 23-февраль күнү Мекенди коргоочулардын майрамын утурлай Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында өчпөс отко гүл чамбарлар коюлуп, согушта курман болгондорду эскеришти. Бул туурасында Коргоо министрлигинен билдиришти.
Иш-чарага Коргоо министринин биринчи орун басарлары полковник Таалайбек Усубалиев, полковник Алмазбек Карасартов жана Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери, шаар туургундары, мектеп окуучулары катышты.