23-июнь: Кыргызстанда дагы 163 адамдан коронавирус аныкталып, 33 бейтап айыкты

23-июнь: Кыргызстанда дагы 163 адамдан коронавирус аныкталып, 33 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 163 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 23-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Илдетти жуктуруп алгандар төмөнкү аймактардан: Бишкек ш. – 94;
Чүй облусу — 22;
Ош ш. – 16;
Ош облусу – 9;
Баткен облусу – 1;
Жалал-Абад облусу – 13;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 7.

23-июнга карата өлкөдө жалпы 3 миң 519 адам коронавирус жуктуруп алган.

Бир сутка ичинде ооруканадан чыгарылгандардын саны 33 –  бейтап. Жалпысынан бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 54 бейтап айыкты.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>