Кыргызстандын аймагында дагы 15 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 3 + 9 Санкт-Петербургдан келгендер, Чүй облусу — 1, Ош облусу — 1, Жалал-Абад облусу — 1.
Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы саны 1365ге жетти.