Эртең, 24-сентябрда өлкө аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен маалымдалды.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +22…+27;
Талас жергесинде түнкүсүн +3…+8, күндүз +20…+25;
Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн +10…+15, күндүз +26…+31;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25;
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+7, күндүз +20…+25;
Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, абанын температурасы түнкүсүн 8…10, күндүз 24…26 градус болот.