Site icon Reporter.kg

25-майдан тартып машыгуу залдар менен бассейндердин иши жанданат

Бишкек шаарынын мэриясы 25-майдан баштап ишин жанданта турган ишмердүүлүктөрдүн катарына спортзалдарды, машыгуу залдарын, фитнес-клубдарды жана бассейндерди кошту. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады.

Милдеттүү шарт болуп санитардык-гигиеналык ченемдерди жана эрежелерди сактоо саналат. Бул имаратты дезинфекциялоо, администрациянын жана тейлөө персаналы үчүн беткап-кол кап тагынуу тартиби, ар бир кардар үчүн санитайзерлерди жана антисептиктерди орнотуу, ошондой эле санитардык аралыкты сактоо үчүн имараттын ичинде жана шаймандардын ортосунда сызык белгилерин көрсөтүү.

Контакт боло турган, командалык, жамааттык спорттун түрлөрү боюнча спорттук борборлорго иштөөгө тыюу салынган (футбол, күрөш, бокс, жекеме-жеке күрөштөр, баскетбол ж.б.). Санитардык аралыкты сактоо менен байланышсыз индивидуалдык спорттун түрлөрүнө гана уруксат берилет.

Exit mobile version