Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын болбойт.
Күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +6…+11
күндүз +20…+25
Талас облусу
түнкүсүн +5…+10
күндүз +20…+25
Баткен облусу
түнкүсүн +12…+17
күндүз +23…+28
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +12…+17
күндүз +23…+28
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +11…+16
Нарын облусу
түнкүсүн +3…+8
күндүз +12…+17
Бишкек шаарында түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 8…10, күндүзгү жогорку температурасы 21…23. болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз