25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилет

25-марттан тартып Бишкек, Ош, Жалал-Абадга өзгөчө абал киргизилет

25-марттан тарта Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларына, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондоруна өзгөчө абал тартиби киргизилет. Бул тууралуу коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.

Өкмөт Коопсуздук кеӊешинин сунушуна ылайык өлкө аймагына 22-марттан тартып өзгөчө кырдаал режимин киргизген.

Ал эми вице-премьер-министр Кубатбек Боронов  өзгөчө кыдаал менен  өзгөчө абалдын айырмланаарын түшүндүрүп берген.

“Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт. Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар, башка маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми зарылдыгы жок кайсы бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге барууга тыюу салынат”, — деген Боронов.

Ал эми өзгөчө абал учурунда жарандардын айрым укуктары жана эркиндиги чектелип, аларга кошумча милдеттер жүктөлөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>