Site icon Reporter.kg

26-ноябрда аба ырайы кандай болот?

Кыргызгидромет ишканасынын маалыматына караганда 26-ноябрда түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан чачын болбойт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, Ысык-Көл ойдуңунда 15-20 метрге жетиши ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…-7;

Таласта түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…-7;

Ош, Баткен,, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -1…-6;

Нарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -2…-7;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -18…-23, күндүз -9…-14 градус болот.

Бишкекте кар жаашы күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -7…-9°, күндүз -3…-5 градус болот.

Exit mobile version