Site icon Reporter.kg

26 унаага бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилген

«Toyota RAV 4» жана «Changan Uni-K» маркасындагы 26 автомобилге бажы төлөмү төлөнбөй өлкөгө киргизилип, колдонууга берилген. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, унаалар «Торугарт» өткөрүү пунктунан өтүп, декларация ачылып, «Кант» кампасына багытталган. Текшерүү учурунда алар кампадан жок болуп чыкты. Унааларга тийиштүү төлөмдөрдү төкпөй эле колдонууга өткөн.

Аны менен мамлекетке 8,5 миллион сомго чыгым келтирилди.

Exit mobile version