Site icon Reporter.kg

26 жаштагы жигит 9-кабаттан боюн таштоого аракет жасады

Бүгүн, 14-ноябрь күнү Гагарин, Юдахин көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу жаңыдан курулуп жаткан имараттын 9-кабатынан 26 жаштагы жигит боюн таштоого аракет кылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 112 кызматына саат 16:44 чамасында маалымат түшкөн. Кырсык болгон жерге ыкчам түрдө Бишкек шаардык куткаруу кызматынын 5 куткаруучусу чыккан.

Куткаруучулар аталган жаран менен сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында 9- кабаттан аман-эсен түшүрүп, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Exit mobile version