Site icon Reporter.kg

263 миң 959 сомдук мыйзамсыз арак-тамекилер табылды

Кемин районунда, «Берекет» соода борборунда (Ош базары) жана Бишкек шаарынын бир катар дүкөндөрдүндө мыйзамсыз товарларды издеп 263 миң 959 сомдук контрафакттык тамеки жана ликер-арак ичимдиктерин таап алышты. Бул туурасында Мамлекеттик салык кызматы билдирүү таратты.

Анын ичинде 122 425 сом суммасында  1 миң 339 куту тамеки (анын 68 965 сому 151 электрондук тамеки) жана 141 534 сом суммасында 676 бөтөлкө ликер арак ичимдиктери алынган.

Дагы  акциздик маркасы жок 1 188  тамеки, 151 даана электрондук тамекинин акциз салыгы төлөнгөн эмес, 363 бөтөлкө алкоголдук ичимдик  жасалма акциздик маркалары менен, 40 бөтөлкө ликер арактын лицензиясы жок болгон.

Мыйзамдарына ылайык чара көрүү үчүн алынган товарлар тийиштүү аймактык салык органдарына берилгени айтылат маалыматта.

Exit mobile version