Site icon Reporter.kg

27-июнь: Кыргызстанда дагы 309 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 309 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 27-июнда саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифингде билдирди.

Алардын эң көбү Бишкек шаарында —118 адам. Ош шаарында 94, Чүй облусунда 23, Ош облусунда 39, Нарын облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 5, Жалал-Абад облусунда 18, Талас жана Баткен облусунда үчтөн адам.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 50 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, тилекке каршы 3 адам илдеттен каза болду.

27-июнга карата өлкөдө жалпы 4513 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2212 адам илдеттен айыккан. Орудан улам 46 адам каза болду.

Exit mobile version