Site icon Reporter.kg

27-май: Коронавирустун жаңы 376 учуру катталып, 8 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 376 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 5386 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 238;
Ош шаарында – 17;
Чүй облусунда – 66;
Ош облусунда – 14;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 5;
Ысык-Көл облусунда – 21;
Жалал-Абад облусунда – 9;
Баткен облусунда – 2.

Ошондой эле инфекция 14 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 386 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүй облусунда 3, Нарын облусунда, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 103 миң 583 адамдан аныкталды. Анын ичинен 97 миң 151 бейтап айыгып, 1 миң 781 киши каза болду.

Exit mobile version