Соңку суткада коронавирустан 28 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 28-июлда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.
Каза болгондор төмөнкү аймактарда:
Бишкек – 10
Ош шаары — 1
Чүй облусу – 2
Ош облусу – 1
Талас облусу – 1
Нарын облусу – 2
Ысык-Көл облусу – 2
Жалал-Абад облусу – 9
Муну менен Кырргызстанда вирустан каза болгондордун жалпы саны 1329 адамга жетти.