Site icon Reporter.kg

28-июнь күнү Кыргызстанда дагы 235 адамдан коронавирус табылды

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде дагы 235 адамдын анализинен коронавирус аныкталды. Бул тууралуу 28-июнда республикалык штабдан билдиришти.

Оору жугузуп алгандардын эң көбү Бишкек шаарында —107 адам. Ош шаарында 33, Чүй облусунда 43, Ош облусунда 9, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 14, Жалал-Абад облусунда 15, Баткен облусунда 15 адам.

Акыркы сутка ичинде коронавирус илдетинен дарыланып жаткан 30 бейтап айыгып, үйүнө чыкты, тилекке каршы 1 адам илдеттен каза болду.

28-июнга карата өлкөдө жалпы 4748 адам коронавирус жуктуруп алган. Ал эми 2242 адам илдеттен айыккан. Орудан улам 47 адам каза болду.

Exit mobile version