Site icon Reporter.kg

28-май. Коронавирус дагы 74 адамдан жаңы аныкталды, 23 бейтап айыгып чыкты

Кыргызстандын аймагында дагы 74 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда өткөн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды: Бишкек ш. – 11;
Орусиядан Бишкекке келген курсанттар – 10;

Чүй облусу — 1;
Ош ш. – 35;
Ош облусу — 4;
Нарын облусу — 13.

Республика боюнча ооруну жуктургандардын жалпы  саны 1594гө жетти.

Ал эми аталган илдеттен акыркы сутка ичинде  23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

Бүгүнкү күнгө чейин жалпы 1066 бейтап коронавирустан айыкты.

Exit mobile version