29-декабрда Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан жаап, карга айланат. Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Ош, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын болбойт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -2…+3, күндүз 2…7;
Таласта түнкүсүн -3…+2, күндүз 2…7;
Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн -1…+4, күндүз 4…9;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…-5, күндүз 1…6;
Нарында түнкүсүн -15…-20, күндүз -8…-13;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 1…3°, күндүз 5…7 градус болот.