Site icon Reporter.kg

29-май: Коронавирус 68 адамдан чыкты, 22 бейтап айыкты

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус жуккан 68 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Коронавирус төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек ш. – 9;

Чуй облусу – 5;
Ош ш. – 2;
Баткен облусу – 1;
Нарын облусу – 4;
Орусиядан келгендерден – 47, алардын ичинен 26 учур курсанттар,  11 учур  боюнда бар аялдар, 10 учур студенттер.

Жалпысынан 29-майга карата Кыргызстанда коронавирус 1662 адамдан табылды.

Бир сутка ичинде 22 бейтап ооруканадан чыгарылып, ушул күнгө чейин айыккандардын саны 1088 адамга жетти.

Exit mobile version