Site icon Reporter.kg

29 жаштагы Исабек уулу Саид бир айдан бери изделүүдө

 Исабек уулу Саид 6-июлда Бишкек шаарындагы   Фучик көчөсүндөгү үйүнөн саат 14:00дөр чамасында чыгып кеткен бойдондайынсыз болууда. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

29 жаштагы Исабек уулу Саид бир айдан бери изделүүдө. Аны таап берүүгө И.Н. аттуу жаран кайрылган. Жоголгон жаран 1991-жылы туулган 1-топтогу майып.

Өзгөчө белгилери: бою 155см, чачы кыска кара, орто бойлуу дене түзүлүштө. Боз футболка, көк чакмак кыска шым, кочкул күрөң түстөгү бут кийимде болгон.

Оң буту сылтып басат, майыптыгын аныктаган белгилери көрүнүп турат.

Исабек уулу Саидди көргөн-билгендер болсо төмөндөгү номерлер аркылуу кабарлап коюну өтүнүшөт:  0312 35 26 05, 0553 102 465, 0703 40 16 00, 0705 45 05 53, 0553 102 880 и 102.

Exit mobile version