Site icon Reporter.kg

29 жаштагы келинди өлтүрүүгө шектелип жолдошу кармалды

Жалал-Абадда 29 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип анын жолдошу кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-январь күнү аймактык ооруканадан милицияга маалымат түшүп, анда Таш-Булак айылынын тургунун алып келишкендиги жана ал ага чейин каза болуп калгандыгы айтылган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Тергөөгө чейинки текшерүү учурунда маркумдун 33 жаштагы күйөөсү чыр-чатакка эч кандай себеп болбогондугун жана аялына жардам берүү үчүн аны ооруканага алып келгенин билдирген.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен аталган факт 6-февралда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси «Адам өлтүрүү» менен каттоого алынган. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Маркум 3 баланын энеси болчу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Exit mobile version