Site icon Reporter.kg

3-апрель: Кыргызстанда коронавирус дагы 9 адамдан табылды

3-апрелде саат 09:00гө карата Кыргызстанда COVID-19 вирусу дагы 9 кишиден табылды. Бул тууралуу илдетке каршы туруу боюнча түзүлгөн республикалык шатбдан кабаралашты.

Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 инфекциясын 125 адам жуктуруп алган, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. Ал эми 5 адам илдеттен айыгып үлөрүнө жиберилген.

Мындан тышкары, 2-апрелде Оштун Ноокат районунун ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап көз жумду.  Бул Кыргызстанда COVID-19 вирусу адам өмүрүн алган алгачкы учур.

Exit mobile version