3% босого чек. Парламенттин VII чакырылышына 8-10 фракция келиши мүмкүн

3% босого чек. Парламенттин VII чакырылышына 8-10 фракция келиши мүмкүн

Бүгүн, 22-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда каралат.

Бул тууралуу мыйзам долбоордун демилгечиси, “Бир Бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кечээ мыйзам долбоору боюнча талаш-тартыштар болуп, бүгүн депутаттар бир пикирге келип, колдой тургандыгын айтышкан.

“Албетте, каршы болгондор бар, бирок алар аз. 5% жөнүндө сөз болгондо мен 3% талап кылдым. Бул элдин каалоосу. Эгер менин каалоом болсо, босого чек 1% болмок”, — деди ал.

Журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, кийинки парламенттик шайлоого чейин босого чек 1% га чейин төмөндөрүн айтып, эгерде шайлоо босогосу 3% түшсө Жогорку Кеңештин VII чакырылышына 8-10 фракция өтүшү мүмкүн экенин айтты.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы жыйынында шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун каралып, биринчи окууда жактырылган.

Мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүдө шайлоо босогосун 3 пайызга түшүрүү, күрөөнүн өлчөмүн 1 миллион сомго азайтуу жана №2 форма менен добуш берүүнү жок кылуу сунуштары камтылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>