Кыргызстандын аймагында дагы 26 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 790а жетти. Бул тууралуу бүгүн, 3-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова брифингде билдирди.
СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:
Бишкек ш. – 14, Ош облусу –2, Баткен облусу – 1, Чүй облусу – 9.
Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 37 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.
Вирустан сакайгандар төмөнкү аймактардын жашоочулары:
Бишкек шаары — 21, Ош облусу — 1, Ош шаары — 6, Жалал-Абад облусу — 1, Нарын облусу — 6, Баткен облусу — 2.
Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 564гө жетти.
Соңку сутка ичинде коронавирустан эки адам каза болду, алардын бири медициналык кызматкер, ал №3 үй-бүлөлүк медицина борборунун үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун 58 жаштагы жетекчиси Жүзүмкан Асанова. Экинчи бейтап Жалал-Абад облусунун 69 жаштагы тургуну болгон.
Ушуну менен коронавирус адам өмүрүн алган 10 учур катталды.