30-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

30-июль улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Сооронбай Жээнбеков 30-июль күнүн улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматта, коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тартып көптөгөн мекендештерибиз илдеттен каза таап,  Кыргызстандын эли үчүн оор жоготуу болгондугу айтылат.

Аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт. Ошондой эле маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотулат.

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус 33 296 кишиге жугуп, ал 1301 кишинин өмүрүн алды.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>