Site icon Reporter.kg

30-май: Коронавирустун жаңы 333 учуру катталып, 6 бейтап каза болду

Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 инфекциясынын жаңы 333 учуру катталды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, соңку суткада 4435 кишиден ПЧР тест алынган.

Илдет аныктылгандар:

Бишкек шаарында – 148;
Ош шаарында – 40;
Чүй облусунда – 68;
Ош облусунда – 13;
Талас облусунда – 4;
Нарын облусунда – 14;
Ысык-Көл облусунда – 23;
Жалал-Абад облусунда – 16;
Баткен облусунда – 6.

Ошондой эле инфекция 4 медицина кызматкеринен табылган.

Ал эми COVID-19 жана пневмониядан бир суткада 300 бейтап сакайды. Илдеттен Бишкекте 3, Чүй облусунда 2, Ысык-Көл облусунда 1 киши каза болду.

Белгилей кетсек, пандемия башталгандан бери COVID-19 104 миң 555 адамдан аныкталды. Анын ичинен 99 миң 300 бейтап айыгып, 1 миң 802 киши каза болду.

Exit mobile version