Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн Чүй, Талас, Ош, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй облусунун айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин болот.
Абанын температурасы:
Чүй облусу
түнкүсүн +4…+9
күндүз +15…+20
Талас облусу
түнкүсүн +1…+6
күндүз +14…+19
Баткен облусу
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкүсүн +7…+12
күндүз +20…+25
Ысык-Көл облусу
түнкүсүн -2…+3
күндүз +10…+15
Нарын облусу
түнкүсүн 0…-5
күндүз +8…+13
Бишкекте жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип, абанын түнкү төмөнкү температурасы 4…6°, күндүзгү жогорку температурасы 15…17° жылуу болот.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз