34 жаштагы Санна Марин Европа өлкөлөрүндөгү эң жаш премьер-министр болушу мүмкүн

34 жаштагы Санна Марин Европа өлкөлөрүндөгү эң жаш премьер-министр болушу мүмкүн

Социал-демократтардын өкүлү, 34 жаштагы Санна Марин жакынкы күндөрү Европа өлкөлөрүндөгү эң жаш премьер-министр болуп калышы мүмкүн.

Бир нече күн мурда почта кызматкерлеринин жапырт иш таштоосунан кийин Финляндиянын мурдагы өкмөт башчысы Антти Ринне отставкага кетүүгө аргасыз болгон. Өкмөттү таратып, жаңы шайлоо жарыялабоо үчүн Социал-демократиялык партия дүйшөмбүгө караган түнү премьер-министрлик кызматка бир нече талапкерди көрсөткөн. Ички партиялык добуш берүүдө Марин жеңишке жетишкен. Эми анын талапкерлигин парламент жана президент бекитиши керек.

Буга чейин Финляндиянын эң жаш премьер-министри Эско Ако болгон, ал өкмөттү 36 жашында башкарган.

Санна Марин социалдык көз карашты карманат, карапайым үй-бүлөдөн чыккан. Ал өз блогунда апасы аял менен мамиле курганын, үй-бүлөсү жокчул жашоону башынан өткөргөнүн жазган. Санна – үй-бүлөсүндө жогорку билим алган жалгыз адам жана “социалдык мамлекетке” ишенет.

Буга чейин Марин транспорт жана коммуникация министри болгон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>