Site icon Reporter.kg

35 жылкыны багып берем деп сатып жиберген. Чүйдө шектүү кармалды

Чүй облусунда башка бирөөнүн 35 жылкысын үчүнчү жактарга  сатып жиберген деген шек менен жергиликтүү тургун кармалды.

Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, 2025-жылдын 8-январында Д.А., милицияга арыз менен кайрылып, 2024-жылдын май айынан 2025-жылдын январь айына чейин «Кордон» токой чарбасынын аймагындагы кашарда малчы болуп иштеген кызматкери У.А. анын 35 баш жылкысын ээлеп алгандыгын айткан.

Кылмыштан келтирилген зыян өзгөчө ири деп бааланып, Кылмыш-жаза кодексинин “Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.   Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1971-жылы туулган У.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө У.А жылкыларды багуу милдетин өзүнө алып, бирок материалдык пайда алуу максатында аларды үчүнчү жактарга сатып жибергени аныкталган. Учурда тергөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version