Site icon Reporter.kg

36 жаштагы Камчыбек Сеитов изделүүдө

Чүй облусунун ички иштер башкармалыгы 1985-жылы туулган Сеитов Камчыбек Сатарбековичти издөөдө.

Аны акыркы жолу 2013-жылдын 27-июлунда саат 22:30 чамасында Аламүдүн районунун «Милициялар шаарчасы» конушунда көрүшкөн.

Белгилери: бою 170 см, арык чырай, кыска кара чачтуу, көздөрү күрөң, мурду түз.

Өзгөчө белгилери: сол жак бетинде жана оң жак ээгинде меңи бар.

Кийген кийимдери: боз футболка, ачык көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара жайкы бут кийим.

Милиция дайынсыз жоголгон адам тууралуу маалыматы бар жарандарды төмөнкү номерлерге билдирүүнү суранат: 0 (700) 92-00-52, 0 (990) 09-11-02.

Exit mobile version