Site icon Reporter.kg

10 жылдан бери издөөдө жүргөн аял Москвадан кармалды

Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү 10 жылдан бери издөөдө жүргөн аялды Москва шаарынан колго түшүрүшкөн. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган адам , Баткен облусунун 50 жаштагы тургуну болгон. Ал 2010-жылдан бери алдамчылыкка айыпталып издөөдө жүргөн.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин көмөгү менен шектүүнү өлкөгө алынып келүү маселеси чечилген.

Exit mobile version