Site icon Reporter.kg

Милиция кармаган жарандын өлүмү: Маркумдун үй-бүлөсү Жапаровго жана Ташиевге кайрылды

Бишкекте белгисиз себептерден улам каза болгону айтылган 37 жаштагы Иван Сологубовдун үй-бүлөсү президент Садыр Жапаровго, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаковго жана акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага кайрылуу жасады.

Кайрылуунун тексти:

2024-жылы 9-августта саат 22:37де Бишкек шаардык милициянын нөөмөт бөлүмүнө «Жибек Жолу проспектиси 390» дарегиндеги имаратта, тактап айткан Ж. Баласагын атындагы КУУнын жатаканасынын 3-кабатында белгисиз адам өз жанын кыйганы жатканы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя жерине Бишкек ШИИББнин Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Б.К. жана Д.Т. барган.

Ал жакта менин уулум – Сологубов Иван Александрович жүргөн болуп, ал милиция кызматкерлеринен качайын деген.

Аталган кызматкерлер менин уулумду Манас менен Жибек Жолу проспектилеринин кесилишинен кармашкан. Алар аны жерге жыгып, уулумдун жана ошол жердеги күбөлөрдүн уулума дем жетпей жатканы тууралуу айткандарына көңүл бурбай, анын талуу органдарын басып тура беришкен. Натыйжада денесинен алган ар кандай жаракаттардын айынан Сологубов Иван Александрович каза тапкан.

Милиция кызматкерлери Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин 1-бөлүгү, 2-бөлүгүнүн 10-пункту, 3-бөлүгүнүн 1-пунктундагы кылмышты жасоого шектелүүдө: өмүргө коркунучтуу болгон денеге залал келтирүү түрүндөгү ден соолукка оор залал келтирүү, өзгөчө мыкаачылык менен жасалган, этиятсыздыктан адамдын өлүмүнө алып келген. Бул берене өзгөчө оор кылмыш катары саналат жана ал үчүн 8 жылдан 12 жылга чейин эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган. Ошондой эле Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 114-беренесине ылайык, өзгөчө оор кылмыш жасаган адамга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы колдонулат.

Бирок мамлекеттик органдар бул окуяга тиешелүү түрдө маани бербей жатат. Бул иш өзгөчө оор кылмышты жасоого шектүүлөрдөн ылдый турган райондук тергөө органына тапшырылып, ага жараша райондук тергөөчү калыс тергөө жүргүзүүгө, шекүүлөрдүү кармоого, кылмыш жообуна тартууга жана камак алуу түрүндөгү бөгөт чарасын колдонууга эч кандай иш-аракет көргөн жок. Шектүүлөр тергөө аяктаганга чейин кызматынан да четтетилбей, иштеп жаткан болуш керек.

Бейкүнөө каза тапкан Сологубов Иван Александровичтин артында бир жашар уулу калганын, ошондой эле жубайы Абдрахманова Зарина Эдиковнанын боюнда бар экенин эске алууңуздарды суранабыз.

Башында №5 милициянын шаардык бөлүмүнүн тергөөчүсү (аты-жөнүн билбейбиз) бул иш боюнча күбө А.Б.С.нын сурак протоколун жок кылып, анын көрсөтмөлөрүн материалдарга кошпой койгонун айта кетели.

А.Б.С. бизге өзү чалып, WhatsApp аркылуу биздин уулубуздун өмүрү кыйылган учурдун видеосун жөнөткөн.

Кийинчерээк Биринчи май райондук прокуратурасында А.Б.С. тергөөчү Жапаров Айбекке көрсөтмө берген.

Биринчи май райондук прокуратуранын тергөөчүсү Жапаров А. биздин, тактап айтканда Сологубова С.М. жана Сологубов А.А.нын көзүнчө шаардык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсүнө телефон чалып, «күбө А.Б.С.нын көрсөтмөсү каякта» деп сураганда, ал «күбө шашып жатканынан көрсөтмө берген эмес» деп жооп берди. Бирок күбө А.Б.С. нааразы болуп, көрсөтмө бергенин, сурак протоколуна кол койгонун айтты.

Ошентип процецессуалдык документтерди жок ылуу, далилдерди бурмалоо жолу менен кылмыш ишине тоскоолдук жаратып, ишти жайгарып коюу аракети жасалууда.

Мамлекеттик органдардын жана кызмат адамдардын мындай аракеттери күч түзүмдөрүнүн мыйзамсыз иштерине жол ачып, мыйзамсыздыкка түрткү берип жатат. 2021-жылы 11-апрелде кабыл алынган Конституциянын 25-беренесинин 1-бөлүгүндө ар бир адам жашоо укугуна ээ экени жазылган. Ошондой эле адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна кол салууга жол берилбей тургандыгы, эч кимдин өмүрү өзүм билемдик менен кыйылышы мүмкүн эмес экендиги айтылган. Конституциянын 23-беренесинин 1-бөлүгүнүн экинчи абзацында адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кире тургандагы жана ал бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктай тургандыгы жазылган.

Биз Сизге Кыргызстандын Конституциясынын, адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин кепили катары кайрылып, тергөө калыс жүргүзүлүшү үчүн, кылмыш ишин иликтөө аягына чыгарылышы үчүн жана бейкүнөө өлтүрүлгөн Сологубов Иван Александровичтин кызыкчылыктарын коргоо үчүн бул ишти жеке көзөмөлүңүзгө алууңузду суранабыз.

Атасы  Сологубов А.И.

Энеси – Сологубова С.М.

Агасы – Сологубов А.А.

Жубайы – Абдрахманова З.Э.

Эскерте кетсек, буга чейин милиция 9-августта Бишкекте эркек киши өз жанын кыюуга аракет кылганын, андан кийин көчө жакка чуркап чыгып, жерге кулап, белгисиз себептерден улам каза болгонун билдирген. Окуя Жибек Жолу менен Манас проспекттеринин кесилишинде болгону айтылган.

Бирок маркумдун агасы Арсений Сологубов милициянын айтканына ишенбей, калыс иликтөө жүргүзүүнү талап кылып, УКМКга кайрылган. Атайын кызмат бул ишти Биринчи май райондук прокуратурасына жөнөткөн.

Натыйжада прокуратура бул факт боюнча милиция кызматкерлерине кылмыш ишин козгогон. Аларга «ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен айып тагылууда.

37 жаштагы жарандын сырдуу өлүмү: Маркумдун агасы президентке кайрылды (видео)

Exit mobile version