Site icon Reporter.kg

Бейрут портунун жетекчилиги үй камагына алынды

Ливан өкмөтү жарылууга кимдер күнөөлүү экени аныкталганга чейин Бейрут портунун бардык жетекчилерин үй камагына алды. Бул тууралуу ливандык LBCI басылмасы кабарлады.

Ливан ИИМи Бейруттагы жарылууну иликтөө ачык-айкын өтөрүн жана беш күнгө созуларын, күнөөлүүлөр сөзсүз түрдө жоопкерчиликке тартыларын убада кылды.

Associated Press агенттиги тергөөчүлөр жарылуу болгон жерде иликтөө жүргүзө баштаганын жазды. Бул арада Ливанга гуманитардык жардам келе баштады.

4-августта Бейрут портундагы эки жарылуу жүздөн ашуун кишинин өмүрүн алып кетти, төрт миңдеген көп адам жарадар болду. Жарылуу катуу болгондуктан андан кыйла алыс жайгашкан имараттардын да эшик-терезелери күбүлүп түшкөн.

Ливан борборундагы 300дөй тургун үй-жайсыз калды. Жалпы чыгым кеминде 3 миллиард долларга бааланууда. Жарылуу учурунда шаардагы эгиндин 85 пайызы сакталган кампа да күйүп кеткен.

Бейруттагы жарылууга дээрлик 2 750 тонна аммиак селитрасынын туура эмес сакталгандыгы себеп болгон. Аммиак селитрасы ал жакта 2014-жылдан бери топтолуп турган.

Селитра Молдованын желеги менен бараткан орусиялык ишкерге таандык кемеден конфискацияланган. «Росус» деп аталган кеме 2013-жылы Грузиянын Батуми шаарынан чыгып, Мозамбикке багыт алган. Орто жолдон техникалык мүчүлүштүктөр болуп, Бейрут портуна токтогон. Ливан бийлиги кемедеги селитраны конфискациялап, экипаж мүчөлөрүн кое берген.

Алгачкы маалыматтар боюнча жарылууга селитра сакталган кампадагы ширетүү иштери себеп болгон.

Exit mobile version