Site icon Reporter.kg

38 жаштагы аял коногун муунтуп өлтүрүп, сөөгүн чарбагына көмүп салган

Өзбекстанда 38 жаштагя аял 49 жаштагы аялды өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу  Uznews маалымдайт.

Окуя 17-апрелде Хорезм облусунун Үргөнч шаарында болгон.

Үй ээси өзүнүн таанышын конокко чакырат. Дасторкон үстүндө экөөнүн ортосунда акчанын артынан чыр чыгып, аял коногун жоолук менен муунтуп өлтүрөт. Андан кийин короосунда чуңкур казып, сөөгүн көмүп коет.

Бирок көп өтпөй кылмыштын бети ачылып, шектүү кармалды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version