Site icon Reporter.kg

4 адам жабыркаган… Александровкадагы жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Чүй облусунун Александровка айылында болгон жол кырсыгынан 4 адам жабыркап, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.

Саат 12:00 чамасында Газ-53 унаасын 24 жаштагы айдоочу чыгыштан батышты көздөй башкарып баратып, Дэу-Нубира унаасы менен сүзүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен жеңил унаанын  33 жаштагы айдоочусу жана унаадагы үч жүргүнчү жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Москва райондук милициясы териштирүү иштерин баштаган.

Exit mobile version