Site icon Reporter.kg

4 адамы менен Ак-Буура дарыясына кулаган автоунаа табылды

Ак-Буура дарыясына 4 жүргүнчүсү менен кошо кулаган автоунаа табылып, сууга аккан төртүнчү адам табыла элек. Бул тууралуу  ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Куткаруучулар “ВАЗ-21099” үлгүсүндөгү унааны 16-июлда Ак-Буура дарыясынан табышкан.

Буга чейин айтылгандай, сууга кулаган унаада 3 эркек жана 1 аял киши болгон.  Алардын үчөөнүн сөөгү табылган. Төртүнчү адамды издөө иштери улантылууда.

Exit mobile version