4-апрелге караган түнү 159 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду

4-апрелге караган түнү 159 адам коменданттык сааттын эрежесин бузду

4-апрелге караган түнү Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат эрежесин бузган 159 адам ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, 9 автоунаа айып короого токтотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдрет.

Алардын ичинен, Бишкек шаары боюнча – 150, Ош шаары боюнча – 4, Жалал-Абад шаары – 1, Сузак районунда – 4, Кара-Суу районунда- 1  жаран  райондук бөлүмдөргө жеткирилген.

Алардын баарына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен кое берилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>