Site icon Reporter.kg

4-май: Коронавирус 35 кишиден табылды, 11 бейтап оорудан айыкты

Кыргызстандын аймагында дагы 35 адамдан коронавирус аныкталып, ооруну жуктургандардын жалпы саны 830га жетти. Бул тууралуу бүгүн, 4-майда саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова  брифингде билдирди.

СOVID-19 инфекциясынын жаңы жуктургандар төмөнкү аймактардан катталды:

Бишкек ш. – 25, Жалал-Абад облусу –5 Баткен облусу – 1, Чүй облусу – 2, Нарын облусу –1

Айнура Акматова ошоной эле бир сутка ичинде 11 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкканын айтты.

Ушуну менен коронавирустан айыгып чыккандардын саны 575ге жетти.

Exit mobile version