Site icon Reporter.kg

4 жылдан бери качып жүргөн кылмышка шектүү колго түштү

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн Ош шаарынын тургуну кармалды. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын 47 жаштагы Д.К. аттуу тургуну 2019-жылы Лейлек районунун аймагында алдамчылык менен алектенип, кылмыш жоопкерчилигинен качып жүргөн.

Лейлек райондук милициянын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип 4 жылдан бери издөөдө жүргөн Д.Кнын жүргөн жери аныкталып, Бишкек шаарынан кармалып келинди.

Азыркы күндө кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөөиштери жүрүп жатат.

Exit mobile version